Жаңылыктар
Айгүл Жапарова “Кыргыз ажары-Баткен килеминде” фестивалына барды
Кыргызстан жаңылыктары
Айгүл Жапарова “Кыргыз ажары-Баткен килеминде” фестивалына барды

Өрүкзарлуу Баткен жергесинде “Кыргыз ажары-Баткен килеминде” кароо-сынак фестивалы өтүп жатат.Аталган фестивалга бирини айым Айгүл Жапарова катышып, кол өнөрчүлөрдүн кол эмгектери менен таанышып чыкты.Кароо-сынакка 7 дубандан 50дөн ашуун кол өнөрчүлөр келди.

Иш-чаранын максаты кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу менен биргеликте коңшу жашаган көчмөн жана отурукташкан ар улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзүүнүн жол-жоболорун, салттарын кайра жандандыруу, жаштарды маданияттуулукка үндөө болуп саналат