Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өркүндөтүү боюнча Президенттин Жарлыгына ылайык түзүлгөн мекемелер аралык жумушчу комиссия Ысык-Ата дарыясында курулуп жаткан чакан ГЭСтин курулушун көрүп, көчмө жыйын өткөрдү.
Анда чакан ГЭСтерге таандык инвестициялык долбоорлорго тоскоол жагдайлар талкууланып, сунуштар айтылды.