Жаңылыктар
Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолун курууну жумушчу топ иликтейт
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолун курууну жумушчу топ иликтейт

Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолун куруу маселесин иликтөө боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Президенттин тапшырмасына ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топко бир жумалык мөөнөттө курулуш иштеринин жүрүшүн, Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол автомобиль жолун куруу маселесин комплекстүү изилдеп, ошондой эле жолдун курулушун андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы коюлду.