Жаңылыктар
Бишкек жана Ош шаарларына Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулат
Маданият
Бишкек жана Ош шаарларына Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги орнотулат

Борбор шаарыбыз Бишкекте  жана Ош шаарында белгилүү  актер  Сүймөнкул Чокморовтун эстеликтери орнотулат.  Ала-Тоо кино театрынын кун чыгыш тарабынан орун алуучу эстеликтин  алгачкы ташын коюу аземине   бүгүн даңазалуу, советтик актердун бир туугандары жана чыгармачыл замандаштары, анын талантын сыйлаган шаар тургундары чогулду.    25 жыл аралыгында чечилбей келген  эстелик   маселеси он жагына чечилгенине кубанган   актердун замандаштары Чокморовтун бийик адамкерчилигин эскерип ал  жеткен бийиктике азыр да эч ким жете элек экендигин айтышты.

1939-жылы Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында  9 ноябрда жарыка келген Сүймөнкул Чокморов   алгач сүрөтчүлүкк боюнча билим алып кийин 30 жашында биринчи  жолу Болот Шамшиевтин Караш Караш окуясы тасмасына тартылган. Дебюттук ролунан тартып ийгилике  жеткен Чокморов  жаркын образдардын бүтүндөй бир галереясын калтырды. Ал таланттуу актер, таланттуу сүрөтчү гана эмес    адамдын да асылы  эле азыр бизге , биздин коомго да Чокморов жетпей турат деп белгилейт  кинорежиссер Болот Шамшиев.

 Суймонкул Чокморовтун эстелиги үчүн шаар бийлиги Ала-Тоо кино театрынын кун чыгыш жагынан,  орун берген .  Мындай кубанычты колдогон Чокморовтун замандаш кесиптештери   эстеликтин алгачкы ташын коюу аземине келишкен. Тасмада эле эмес жашоодо да  Чокморовту жакшы билген КР Эл артисти Ж Сейдакматов кеч болсо да ага эстелик тургузулары жүрөк жылытат, калкынын эскерип жатканына ыраазы болуп  бүгүн анын арбагы бир козголуп   алса керек дейт

Адам табиятын терең ачып,кулк-мүнөзүн кылдат түзгөн көп кырдуу талант   эркектин мыкты ролун түзгөндүгү учун Казакстан жана Орто Азия кинофестивалында, Тбилисидеги, Бакудагы, Еревандагы Бүткүл Союздук кинофестивалдарда 4 жолу 1-сыйлык алган  таланттуу  инсан.  Кыргыз ССРинин Эл артисти, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү,   Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.  С  Чокморов   эстелиги н борборго орнотуу аракетинде  2011-жылы түзүлгөн С .Чокморов атындагы коомдук фондтун жетекчиси Сагынбек Үмөталиевдин эмгеги зор. Анын айтымында  Чокморовдун ат минген жезден даярдалган эстелиги Ош шаарында да орнотулат. Бул үчүн Ош шаарынын бийлиги да жер болуп берген.  

"Биринчи радио". Сайра Батыркулова.