Жаңылыктар
Жалал-Абадда кикбоксинг боюнча Азия кубогу өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда кикбоксинг боюнча Азия кубогу өтүүдө

Жалал-Абадда кикбоксинг боюнча Азия кубогу өтүүдө. Салттуу өткөн мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан спортчулар катышууда. 

Жаштар жана жеткинчектер арасындагы таймашта жалпысынан 400гө жакын мушкер күч сынашууда. 3 күнгө созулган турнирдин жыйынтыгы менен жеңишке жеткендер, алдыда боло турчу жогорку даражадагы беттештерге жолдомо алат. 

Ал арада бул жолку өтүп жаткан турнир, катышуучулар үчүн чоң тажрыйба экенин жана спортчулар ортосундагы ынтымак менен достукту бекемдөөгө да өбөлгө экенин уюштуруучулар белгилейт.