Жаңылыктар
ИИМ: Ошто усулдук окуу бөлмөсү ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ: Ошто усулдук окуу бөлмөсү ачылды

Ош шаарында ИИМдин Республикалык окуу борборунун усулдук бөлмөсү ачылды. 

Мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын соцкызматкерлерине укук бузуулардын алдын алуу жана жарандар менен иш алып баруудагы мыйзам актылары жана социалдык өнөктөштүк боюнча окуу-семинарлар уюштурулуп турмакчы. 

Окуу бөлмөсү - ИИМ менен ЕККУнун ортосундагы келишимдеги "Милициянын көчмө кабылдамасынын ишиндеги социалдык өнөктөштүк" долбоорунун алкагында ишке ашырылды. 

Ага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов жетектеген делегация катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө

ИИМдин көчмө кабылдамасы ассоциациясынын башчысы

Шамшыбек Мамыров ишмердүүлүктөрү жана техникалык базасы боюнча маалымат берди.