Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Азат Эркимбаев Олимпиада оюндарынын финалында Акжолго эмне жетишпей калганын айтты.
Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын финалында кыргызстандык балбан Тамаш Лоринцке 1:2 эсебинде утулуп калган.
«Тактикалык жактан тажрыйба жетишсиз болуп калды окшойт. Ал кезде Акжол жаш болчу. Ал эми анын атаандашы 2012-жылы Лондондо болгон Олимпиадада коло медаль жеңген спортчу эле. Тажрыйбанын жоктугунан майда каталар кетип калган», - дейт Азат Эркимбаев.