Жаңылыктар
Май майрамдарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
Май майрамдарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Май айындагы майрамдарды өткөрүү жана даярдык көрүү учурунда 5 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Ички иштер министрлиги тарабынан 1-майдан 10-майга чейин коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу иш-чараларынын комплекси өткөрүлөт.

“Милициянын кызматкерлери майрам учурунда адамдардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Салтанаттуу массалык иш-чаралар жана элдик майрамдар өткөрүлүүчү жерлерде укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милициянын кезметтеринин күчөтүлгөн нөөмөтү каралган”, - деп айтылат маалыматта.