Жаңылыктар
Токмоктун мэри Урматбек Самаев үй камагына чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Токмоктун мэри Урматбек Самаев үй камагына чыкты

Коррупцияга шек саналып кармалган Токмок шаарынын мэри Урматбек Самаевдин бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына чыкты. 

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим 29-апрелде Октябрь райондук сотунда кабыл алынды. Маалыматта айтылгандай, Самаевди үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко прокуратура кайрылган. 

14-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Токмок жылуулук" муниципалдык ишканасындагы коррупциянын айынан 130 миллион сомдук зыян аныкталганын билдирген жана көп өтпөй Самаев кармалган. 

18-апрелде УКМК билдирүү таратып, Самаев "Токмок жылуулуктагы" туруктуу коррупциялык схема уюштурууга тиешеси бар экени аныкталганын, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде иш козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кабарлаган. 

Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэри кызматын 2021-жылдан бери аркалап келет.