Жаңылыктар
Таласта мал базарда болгон окуяны милиция териштирүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта мал базарда болгон окуяны милиция териштирүүдө

Таласта жоон топ адам уурулукка шектүү делген бирөөнүн колун байлап, байланган колун түркүккө асып койгон видеонун чоо-жайы териштирилерин облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Видеону социалдык тармакка жарыялагандар "бүгүн, 30-апрелде Талас районунундагы облус боюнча ири мал базарлардын биринде мал сатуучулар жана сатып алуучулар акча уурулук кылган адамды кармап алышып, чөнтөгүнөн 150 миң сомдо каражат таап алышып, сабап анан ортого эки колунан асып коюшкан" деп жазышты. 

"Фейсбуктагы" видеого облустук башкармалыктын басма сөз кызматынын өкүлү Динара Сарногоева, "Каттоого алынды. Ким болбосун, кылган кыймыл аракетине жараша Мыйзам чегинде жооп берет", - деп комментарий калтырган.