Жаңылыктар
Энергетиканын эртеңи, эмитен башталган даярдык
Кыргызстан жаңылыктары
Энергетиканын эртеңи, эмитен башталган даярдык

Кышы бою кайра-кайра жарылып, Бишкек жылуулук тармактар ишканасынын жумушчуларын убайымга салган Осмонкул-Никитин көчөлөрүнүн кесилишиндеги бул жылуулук берүү түтүктөрү ушул тапта жаңыланууда. Бул кварталда 30 га чукул үй бар. Алардын баарына дал ушул түтүктөр аркылуу жылуулук жетип турат. 1985-жылы жаткырылган күндөн тарта, бир да жолу капиталдык ремонттон өтө элек.