Кылымдан ашык мезгилде Бишкек шаары бир кездеги көзгө анчалык урунбаган, кунарсыз чакан уезддик кыштакча болгон. Андан бери 145 жыл өтүп заңгыраган, кооз имараттары менен өлкөнүн коомдук-саясий жана экономикалык абалына, өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген ири калаага айланды.