Жаңылыктар
“Соцконтракт”: Киреше булагын түптөөгө көмөкчү
Кыргызстан жаңылыктары
“Соцконтракт”: Киреше булагын түптөөгө көмөкчү

Өтүп бараткан апта ичинде Президент Садыр Жапаров алгач Чүй облусундагы бир катар үй-бүлөнү, алардын кошуна -колоңдорун андан соң көпчүлүктү таң калтырды көрүнөт. Үйүнүн алдынан көргөндөрдүн бир тобу бир чети таң калса, кээ бири шашкалактап, түз берилген суроолорго да жооп таппай жатышты. Себеби, мурда президент келет дегенде 1 апта мурда көчөлөр тазаланып, дарактар акталып, сүйлөй тургандар даярдалып, эшик алдылары шыпырылып калчу. Бирок, Жапаров эч нерседен кабары жок, күнүмдүк жашоосу менен алек болуп отурган үй-бүлөлөргө барып, бетме бет сүйлөшүп, кабар алды.