Жаңылыктар
Бишкектин айрым жерлеринде 2-майда суу өчөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым жерлеринде 2-майда суу өчөт

Бишкектин айрым жерлеринде 2-май күнү саат 10:00дөн 23:00гө чейин суу өчөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Таза суу Аламүдүн дарыясы, Ахунбаев, 7-Апрель көчөлөрү, Көк-Жар айылынын астыңкы бөлүгү, Көк-Жар, Улан-1 менен Улан-2 кичи райондору жана Көк-Жар жаңы конушунда берилбейт.

Бул күнү 11-кичи райондогу суу өткөргүчтү оңдоо иштери жүрөт.

Бишкек мэриясы шаар тургундарынан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.