Жаңылыктар
А.Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 29-апрелден 10-майга чейин жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
А.Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 29-апрелден 10-майга чейин жабылат

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, 29-апрелден тарта А.Токомбаев көчөсүнүн Майрам көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки Аламүдүн дарыясынын жээгиндеги бөлүгү жабылат.

Бул тилке 10-майга чейин магистралдык канализация тармактарынын курулушуна байланыштуу жабылат.

Автомобиль айдоочулар жолдун тилкелеринин бири менен айдай алышат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан каттамдарын алдын ала пландап алуусун суранат.