Жаңылыктар
Теңгиз Бөлтүрүк жана башка айыпкерлерден 844,5 млн сом мамлекеттин казынасына өндүрүлдү
Коррупция
 Теңгиз Бөлтүрүк жана башка айыпкерлерден 844,5 млн сом мамлекеттин казынасына өндүрүлдү

«Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк жана башка айыпкерлерден 844 млн 512 миң 858 сом зыян мамлекеттин казынасына өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, коррупция беренеси менен иш козголгон Теңгиз Бөлтүрүккө тергөөнүн жүрүшүндө мамлекетке 1 млрд 146 млн 449 миң 161 сом зыян келтирилгендиги аныкталган. 

Буга чейин жактоочулар айыпкерди абактан үй камагына бошотуу сунушун киргизди. Муну менен эске алуу менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. 

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура "Кумтөр голд компани" ишканасын текшергенден кийин үч кылмыш ишин козгоп, коррупциялык схемадан улам мамлекетке 1 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган. 

Мындан улам жетекчиси Теңиз Бөлтүрүк былтыр 13-сентябрда кармалып, тергөө абагына киргизилген. Эсеп палатасы болсо компаниядагы финансылык мыйзам бузууларды таап чыккан.