Жаңылыктар
Эмгекчилердин эл аралык күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Эмгекчилердин эл аралык күнү

Бүгүн эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү. 1886-жылы АКШнын Чикаго шаарында эмгекчилер эмгек күнүн 8 саат деп белгилөө талабы менен демонстрацияга чыгышкан. Бул күнү жыл сайын жумушчулардын демонстрациясын өткөрүү жөнүндө чечим чыгып, 1889-жылы июлда 2-Интернационалдын Париж конгрессинде кабыл алынган. 

Кыргызстанда 1-Май майрамы биринчи жолу 1919-жылы Пишпек шаарында белгиленген. Бүгүнкү күндө бул күн майрам катары дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет.