Жаңылыктар
Кыргызстан-Өзбекстан: Жигердүү кызматташтык, достук алака
Кыргызстан жаңылыктары
 Кыргызстан-Өзбекстан: Жигердүү кызматташтык, достук алака

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевди Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумдун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады. 

Анда кыргыз тарап бир катар эл аралык байкоочулардын курамында референдумдун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп, Өзбекстандын мындан аркы өнүгүүсүн аныктоодогу тарыхый учурга күбө болду деп айтылат. Ошондой эле өлкө башчы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда жетишилген бир катар маанилүү макулдашуулар жана кол коюлган документтер кыргыз-өзбек өнөктөштүгүн бардык тармактарда өнүктүрүүгө, аны жаңы мазмун менен байытууга да түрткү бергени абдан кубандырат деген Садыр Жапаров. Мамлекеттерибиздин ортосундагы ынак коңшулук жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу түрдө бекемделип, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, биргелешкен ири инвестициялык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлор ишке ашырылып, өз ара соодада оң динамика байкалууда, эки тараптуу товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча ишибиз жигердүү улантылууда. 

Жакынкы күндөрү Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек музыкалык-драма театрынын 100 жылдыгына карата капиталдык оңдоо иштери аяктап, анын салтанаттуу ачылышы элибизге кубаныч тартуулады. 

Ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстандагы маданият күндөрү эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин түзүлгөндүгүнүн мааракелик жылында өтө турганына абдан кубанычтамын деп кошумчалаган.