Жаңылыктар
Чек арадан ID-карта менен өтүүгө жол ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Чек арадан ID-карта менен өтүүгө жол ачылды

Кыргыз-Өзбек чек арасынан өткөн учурда эки тараптын эли үчүн ыңгайлуу, жеңил шарт түзүлдү. Мурда чек арадан өтүш үчүн эки өлкөнүн жарандары чет элдик паспортту колдонуп, ага атайын мөөр бастырыш үчүн кезек күтүп убара болушса эми кадимки ID-кард паспортун көрсөтүп эле оңой өтө беришет. ID-карта менен жеңилдетилген шартта өтүү боюнча Кыргыз Республикасы менен түзүлгөн эл аралык макулдашуу документине Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.