Жаңылыктар
Борбор калаанын эки районунда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга болот
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаанын эки районунда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга болот

Борбор калаада Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругун аткаруу үчүн "Өкмөттүн акселераторлор" программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү кызматын уюштуруу маселеси боюнча жыйын өттү.Жыйынга мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, Билим берүү министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү жана бул кызматтардын керектөөчүсү боло турган тигүү тармагынын өкүлдөрү катышты.

Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунун конуштарында балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тартууну эки эсеге көбөйтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

“Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камкордуктарды көбөйтүү маселесин чечүү үчүн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчилигин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү ишке ашырат. Анын курамына Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Финансы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Максаты жеке ишкердик менен алектенген жеке адамдар тарабынан турак жайларда үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө бала бакчаларды ачуу үчүн юридикалык жакты каттоодон өткөрүү, турак эмес жайларга ээлик кылуу же ижарага алуу жана КР Билим берүү жана илим министрлигинен лицензия алуу зарыл, ал үчүн 15ке жакын документтердин түрүн чогултуу керек. Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо конуштарында ишке кирүүчү жаңы тартип жеке ишкер катары катталгандарга үй тибиндеги бала бакчаларды ачууга мүмкүндүк берет.

Бүгүнкү күндө жумушчу топтун иши төмөнкү милдеттерди чечүүгө багытталган:

- 500гө чейин аялдарды мектепке чейинки билим берүүнүн, санитардык жана өрт коопсуздугунун, ишкердиктин негиздерине окутуу;

- турак жайларда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда жана көрсөтүүдө санитардык жана өрт коопсуздугун сактоо боюнча минималдуу талаптарды иштеп чыгуу;

- Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондорунда 6 жаңы имаратта жайгашкан 250 аялга мектепке чейинки билим берүү тармагында каттоого турууга жана бизнес жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.

Курс үч күндүк окууга (18-20 саат) арналган. Окутууларды тренерлер өткөрөт, алардын курамына министрликтердин адистери жана эксперттер кирет. Окууга билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензиясы бар билим берүү уюмдары да чакырылат.

Кошумча кеңештерди төмөнкү телефондор аркылуу алса болот:
- Биринчи май району - 62 35 02;
- Ленин району - 65 68 94.