Жаңылыктар
Эмгек күнүнө карата аялдарды колдоо форуму өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Эмгек күнүнө карата аялдарды колдоо форуму өттү

Бардык шарты бар жумуш орундары менен камсыз кылууда аялдар көп колдоону талап кылат. 

Бул багытта татыктуу эмгекти камсыздоо жана жашыл жумушчу орундарын түзүү багытында форум өтүп, анда депуттар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү аялдардын коомдо ордун табышы жана укуктарын камсыз кылуу боюнча көйгөйлөргө токтолду. 

Жыйынга тиешелүү министрликтердин өкүлдөрү, профсоюздар кеңешинин мүчөлөрү, климаттык өзгөрүүнүн шартында туруктуу өнүгүү боюнча кеңештин мүчөлөрү катышты. 

Ошондой эле аймактардан келген эл аралык уюмдардын өкүлдөрү элет жеринде жашыл климат, аялдардын туруктуу жумуш орундары жана андагы шарттары боюнча маалымат берди. 

Иш-чара эмгек күнүнө карата уюштурулуп, жумуш берүүчүлөр менен эмгекчилердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө чаралы айтылды.