Жаңылыктар
Ала-Тоо конушунда спорт аянтчасы курулуп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Тоо конушунда спорт аянтчасы курулуп жатат

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы Ала-Тоо конушунда спорт аянтчасын жана кичи архитектуралык формалардын курулушун жүргүзүүдө.Жаңы аянтча эки автономдуу бөлүктөн турат жана тиешелүү спорттун түрлөрү үчүн: футбол жана баскетбол аянтчалары жабдылган. Ошондой эле, воркаут зоналары, балдар аянтчасы, чуркоо үчүн аянтча, унаа токтотуучу жай, тротуарлар, аймакты жашылдандыруу каралган.

Спорт аянтчасынын жалпы аянты 0,8373 га. Учурда курулуш-монтаждоо иштери жүрүп жатат.

“Би Эм Ассист” ЖЧКсы подряддык уюму иш алып барууда.