Жаңылыктар
Кызамык менен ооругандар көбөйүдө
Ден соолук
Кызамык менен ооругандар көбөйүдө

Жыл башынан бери Кыргызстанда кызамык менен ооруган 265 учур катталды. 

Алардын көпчүлүгү, тагыраак айтканда, 147си Ош облусунда. Бишкекте 9, Чүйдө 8, Талас менен Жалал-Абадда жетиден, Баткенде 22 учур чыккан. 

Ооруга чалдыккандар алты жашка чейинки эмделбеген балдардын арасында көп катталып жаткандыгына байланыштуу дарыгерлер бир жаштан алты жашка чейинкилерди кызамыкка каршы вакцина алуу керектигин эскертет.