Жаңылыктар
Чүй мектеп-интернатындагы 16 жашка толгон балдарды акысыз документтештирүү
Кыргызстан жаңылыктары
Чүй мектеп-интернатындагы 16 жашка толгон балдарды  акысыз документтештирүү

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Инфоком” мамлекеттик ишканасы Чүй мектеп-интернатынын 16 жашка толгон 36 тарбиялануучусун акысыз негизде документтештирди.

Ошондой эле жеке гигиена каражаттары, ич кийим, таттуулар сатылып алынды, буюмдар жана оюнчуктар топтолуп берилди. Жалпысынан бул интернатта 6 жаштан 18 жашка чейинки 188 бала окуйт жана жашайт.

Ар тараптан колдоо көрсөтүү үчүн Чүйдөгү жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн мектеп-интернаты “Инфоком” МИге бекитилип берилген. “Инфоком” МИ өз эсебинен жана ишкананын кызматкерлеринин ыктыярдуу жардамдары менен көмөк көрсөтүп келет.

Интернат тибиндеги балдар мекемелерине колдоо көрсөтүү боюнча иш-чаралар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тапшырмасынын алкагында жүргүзүлүүдө. “Инфоком” МИ 2023-жылга Иш-чаралар планын иштеп чыкты, анда тарбиялануучуларды документтештирүү, ишембилик, тамак-аш, кийим-кече жана канцеляриялык товарлар түрүндө көмөк көрсөтүү каралды.