Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталары тапшырылды
Саясат
Алмазбек Атамбаевге  ишеним грамоталары тапшырылды

Президент Алмазбек Атамбаев, 9 мамлекеттин Кыргызстанда жаңыдан ишин баштаган ыйгарым укуктуу элчилеринин ишеним грамоталарын кабыл алды. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары президент Алмазбек Атамбаевге жана жалпы кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү жана тынчтык менен туруктуулукту каалашты. Өз кезегинде өлкө башчы элчилердин иштерине ийгилик каалап, Кыргызстан бул мамлекеттердин ар бири менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Иш-чаранын жүрүшүнө кабарчыбыз Самат Асипов көз салган.

Ишеним грамоталарын тапшырып жаткан ыйгарым укуктуу элчилердин бардыгы ишке жаңы киришкендер. Алар Жапония, Кытай, Иран, Ирландия, Молдова, Шри-Ланка, Ватикан, Франция жана Австрия мамлекеттеринин өкүлдөрү.



Биринчилерден болуп ишеним грамотасын Жапониянын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси тапшырды. Өлкө башчы бул өлкө менен болгон кызматташтык тууралуу айтып, өткөн жылы Жапония премьер-министри Синдзо Абенин Кыргызстанга болгон расмий сапары - кыргыз-жапон кызматташтыгындагы тарыхтын жаңы барагын ачканын белгиледи.

Жапония менен Кыргызстандын алакасында акыркы жылдары өзгөрүү болуп, соода айлантуунун көлөмү төмөндөп кеткен. Элчи кызматташтыкты кайра калыбына келтирүү үчүн аны жаңы деңгээлге чыгаруу аракети жүрүп жатканын айтты.

Бул Иран Ислам мамлекетинин Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Али Рузбахани. Аталган мамлекеттин лидери Хасан Роухани Кыргызстанда расмий иш сапар менен келип кеткен. Президент Алмазбек Атамбаев да өткөн жылдын сентябрында Тегеранда болуп, кыргыз-иран кызматташтыгынын бардык багыттары боюнча сүйлөшүп келген.

Ал эми Франция тууралуу айтып жатып Алмазбек Атамбаев эки мамлекеттин ортосунда конкреттүү келишимдер бар экенин, элчи аларды дагы арттырууга салымын кошот деген ишеничин билдирди.

Президент Кытай менен Кыргызстандын мамилесине да токтолуп, күн тартибинде негизги маселе катары Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолунун курулушу турганын белгиледи.
Кытай эми азыркы кызматташтыктын деңгээлинде туруп калбайт. Жаңы ыйгарым укуктуу элчи эки элди жакындаштырууга багытталган көп долбоорлор бар экенин эске салды.

Мындан сырткары өлкө башчы Шри-Ланка, Ватикан, Молдова мамлекеттеринин элчилеринин ишеним грамоталарын да кабыл алды. Өз сөзүндө президент Кыргызстан бул мамлекеттердин ар бири менен тыгыз кызматташууга даяр экенин, бул үчүн өлкөдө бардык шарт түзүлүп келатканын билдирди.

Алмазбек Атамбаев декабрь айында референдум өткөрүү пландалып жатканын, анын жыйынтыгы менен укук коргоо органдары реформаланып, бизнес үчүн дагы Кыргызстанда кой үстүнө торгой жумурткалай турган учуру келатат деген ишеничин билдирди.

Өз кезегинде Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары да президент Алмазбек Атамбаевге жана жалпы кыргыз элине өнүгүп-өсүүнү, тынчтык, туруктуулук менен бирге бакубат бай турмушту каалашты.