Жаңылыктар
Конституциянын 30 жылдыгына карата юридикалык жардам көрсөтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Конституциянын 30 жылдыгына карата юридикалык жардам көрсөтүлөт

Конституциянын 30 жылдык мааракесине карата 2023-жылдын 4-майында Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы бир күндүк акция өткөрөт. 

Бардык суроолор боюнча 0558-02-42-02 номерине кайрылыңыздар. Юридикалык жардам алуу үчүн адистер 4-майда Бишкек шаарындагы Орто-Сай жана Ош базарында эртең мененки ондон 16-00 чейин жарандардын суроолоруна жооп берип, укуктук жактан жардам берет. 

Ушундай эле акция Ысык-Ата районунда, Талас шаарында, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында дагы өткөрүлөт.