Жаңылыктар
Төө-Ашууда жайкы дөңгөлөктөрүн чечпей жүргөн унаалар тыгындарды пайда кылууда
Өзгөчө кырдаал
Төө-Ашууда жайкы дөңгөлөктөрүн чечпей жүргөн унаалар тыгындарды пайда кылууда

Төө-Ашуу ашуусунда жайкы дөңгөлөктөрүн чечпей жүргөн жүк ташуучу автоунаалар тыгындарды пайда кылууда. Дөңгөлөктөрдү орой турган атайын чынжыры жок машиналар ар кайсы жерде токтоп калып, тыгындардын узак убакытка созулуп кетишине себепкер болууда.

Деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте турган ашууга кабарчыбыз Төө-Ашууда кар калың жаагандан бери алдын камдуу жүрбөгөн айдоочулар чыркырап азап тартууда. Көчүлүгү калың кар түшөөрүнөн кабары жок болуп чыгышты. Жүк жүктөгөн автоунаалар өйдө карай араң жөрмөлөшөт. 

Суукка жаңы көнө баштаган айдоочуларды ашуудагы кооптуу жагдай жөнүндө жол белгилери гана эмес, жолчулар менен ӨКМ кызматкерлери да эскертип турушат.

Ийрелеңдеген татаал жолдору, чукул бурулуштары менен белгилүү Төө-Ашуу Борбор Азиядагы эң катаал ашуулардын катарына кирет. Мындан улам жаза тайып адаттан тыш окуялар болуп кетпесин деп күнү-түнү жол кызматынын көзөмөлүндө. Жолго азыр күнүнө 70 тоннага чейин кум себилүүдө.

Бишкек-Ош автожолунда күн сайын 10 миңден ашык автоунаа каттайт. Бийик ашууларда болсо калың кар дүпүйүп жатат. ӨКМ менен Транспорт жана байланыш министрлиги мындан улам айдоочуларды дөңгөлөктөрүн кыш мезгилине ылайыктап, чынжыр алып жүрүүнү эскертет.