Жаңылыктар
Штефан Таркович Кыргыз футбол союзу менен 2024-жылга чейин келишим түздү
Спорт
Штефан Таркович Кыргыз футбол союзу менен 2024-жылга чейин келишим түздү

2-майда Кыргызстандын футбол союзунун кеңсесинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жаңы башкы машыктыруучусу Штефан Таркович менен келишим түздү.

Маалым болгондой, келишимдин мөөнөтү 2024-жылдын 30-июнуна чейин эсептелген.

«Мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн Кыргызстандын футбол союзунун президентине ыраазымын. Чоң пландарыбыз бар, бардыгын план боюнча аткарууга аракет кылабыз», — дейт словакиялык адис.

2024-жылдын январында Кыргызстандын курама командасы Катарда өтүүчү Азия кубогунун финалдык баскычында ойнойт. Таркович улуттук курама команданын башчылыгында дебюттук беттешин 10-июнда Бишкекте Ооганстан менен беттешет.

«Ушундай жогорку квалификациялуу машыктыруучунун мындан ары да биз менен иштеше турганына кубанычтабыз. Кол коюлган документте Стефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын көзөмөлдөй турганы, ал эми аны менен бирге келген ата мекендик адистер жана анын жардамчылары машыктыруучулар штабында жардам берери белгиленген», — деди КФСнын башкы секретары Нурдин Букуев.