Жаңылыктар
Москвада окуган студенттердин абалынан кабар алынды
Билим
Москвада окуган студенттердин абалынан кабар алынды

Москва шаарында билим алып жатышкан мекендеш студенттер Москвадагы Кыргызстандын элчилигине чогулуп, бир катар маселени талкуулашты. Туулган жеринен алыс жүргөн жаш муундун өкүлдөрү турмуш-тиричиликте кабылган маселелерин айтып беришти. 

Иш-чарага Россиянын борборундагы алдыңкы окуу жайларда окуган 100дөн ашуун студент катышты. Жыйналган жаштар мегаполисте кабылган кыйынчылыктарды ортого салышты.

Элчи Болот Отунбаев жардам көрсөтөөрүн айтып, россиялык билим алуу мектеби эң мыктылардан экендигин белгиледи. Ошондой эле жаш муундарды жаңы билимдерге, тажрыйбага ээ болуп, талыкпай эмгектенүү менен өз мекенинин керегине жараган жогорку класстагы адис болуу үчүн аракеттенүү керектигин айтып кетти.

Жолугушууга жогорку окуу жайда эмгектенип жаткан кыргыз мугалимдери жана кыргыз тилин үйрөнүп жатышкан башка улуттагы студенттер да болду. Москва шаарындагы 2 жогорку окуу жайда кыргыз тили окутулат. 4-курска аттаган Денис Добровский алган билими керегиме жарайт деген ишенимде.

Студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду беришип, толук кандуу жооп алышты. Андан тышкары жаштар Россияда билим берүү сапаты жогору экендигин жана окуп жетишүүгө болгон аракетин жумшап жатканын билдирди.

Элчиликтин кызматкерлери Россиянын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежеси, миграциялык мыйзамдардын мааниси жана талаптары боюнча маалымат беришип, зарыл маселе болсо элчилик менен кантип байланышуу керектигин түшүндүрүп беришти.