Жаңылыктар
Бишкекте футзал боюнча эл аралык турнир болду
Спорт
Бишкекте футзал боюнча эл аралык турнир болду

Борбор калаанын 145 жылдыгына карата Бишкекте футзал боюнча эл аралык турнир өттү.

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, турнирге Бишкек шаарынан жана республиканын облустарынан 12 команда, ошондой эле Казакстандан келген команда катышты.

Футзалдын жеңүүчүлөрү:

- 1-орун – Акшукыр (Казакстан);

- 2-орун – Виват;

- 3-орун – СДЮШОР СИ.

Спорттук иш-чаранын жабылыш аземине вице-мэр Виктория Мозгачева катышты.

Спорттук иш-чаранын уюштуруучулары – мэрдин дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы, КР футзал ассоциациясы.

Турнирдин жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар, тиешелүү даражадагы дипломдор, ошондой эле эстелик белектер менен сыйланышты.