Жаңылыктар
Бизнести колдоо жана өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Бизнести колдоо жана өнүктүрүү

Жакынкы беш жылда экономиканын өсүшү жыл сайын 5 пайызга өсөт, жумушсуздук жоюлуп, тикелей инвестицияны тартуу ички дүң өнүмгө карата 13 пайызды түзөт. Бул көрсөткүчтөргө мамлекет менен бизнес биргеликте үч жылда жетүүнү максат кылууда. Так максаттар Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасында камтылды. Документте жүздөн ашык иш-чара камтылган жана аларды ишке ашыруу мөөнөттөрү бекитилген.