Жаңылыктар
Ош жергеси Өзбекстандан келген конокторду тосту
Саясат
Ош жергеси Өзбекстандан келген конокторду тосту

Ош жергеси Өзбекстандан келген конокторду тосту. Достук алакасынын алкагында 140 кишиден турган өкмөттүк делегация - Өзбекстандын вице-премьер-министри Адхам Акрамов жетектеп келип, чоң салтанат менен даярдалган саамалыкка күбө болушту. РАС: Эки элдин достугун даңазалаган ыр күүлөр, театрлаштырылган оюн-зоок жана көргөзмө-жарманкелер конокторду кайдыгер калтырган жок. Достук саамалыгында дагы кандай кызыктуу учурлар болду?. Кабарчыбыз Миргүл Бокошева айтып берет.

 Ал эми, эки элдин бири-бирине болгон сагынычын, бүгүнкү күндөгү кубанычын сөз менен жеткирө мүмкүн эмес, буга чейин жоготуп алган достук мамилебизди таап алганыбызга батына албай турабыз дешкен Озбек жана өзбекстандагы кыргыз диаспора өкүлдөрүнүн айтымында, эки элдин 1000 жылдык ынтымагына эч ким, эч нерсе доо кетире албайт жана аны тарыхтан өчүрө албайт,

ОшМУда азыркы тапта билим алып жаткан сутденттердин саны 28ге чамалуу. 26 мамлекеттен келип билим алып жаткан студенттердин катарында Озбекстандан келип билим алып жаткан 500 студент да бар. Андижан облусундагы мамлекеттик университетинин ректору, Акрам Юлдашев, көп улуттуу студенттерди окутуп жаткан аталган окуу жай менен мындан ары кызматташуунун конкреттүү кадамдары жакынкы көрдө башталаарын билдирип, кыргыз тараптан мына ушул көп улуттуулук практикасын жайылтууну колго алаарын ачыктады.

Сапардын алкагында делегация өкүлдөрүнун суранычы менен экинчи мекке атанган Сулайман-Тоого экскурсия жасалды. Озбек делегациясыныны жетекчиси, биздин каналдын эки тараптуу кызматташууга багытталган анын ичиненен чек арага байланышкан суроолоруна жооп берди.Ага ылайык, эки мамлекеттин чек аралары жакынкы кундору конкреттуу кадамдар жасалат.

Расмий жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу келишимдерге кол коюлду. Ошондой эле, Анжиян шаарындагы мамлекеттик университети менен Ош мУ ортосунда мемарандумга кол коюлду. Жалпысынын эки тараптуу достук алаканы мынданы ары оркундот уу жана бекемдоого багытталган 20 окмоттук, 50 окмот аралык келишимдерге кол коюлду.

Эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты онуктурууго багытталган окмоттук денгээлдеги кезигуу жакынкы убактарда Бишкеке шаарында отоору болжолдонду. Эске салсак, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев баштаган Кыргыз делегациясы 1-октябрда өзбек тараптын чакыруусу боюнча Өзбекстандын Анжиян облусуна барып, кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чараларга катышып келген.