Жаңылыктар
УТРК кадрларды даярдоо кафедрасынын филиалын ачты
Кыргызстан жаңылыктары
УТРК кадрларды даярдоо кафедрасынын филиалын ачты

Улуттук биринчи канал кадрларды даярдоо жана илим-изилдөө жолуна багыт алды. Корпорациянын тарыхында биринчи жолу Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Инфокоммуникациялык технологиялар кафедрасынын филиалын ишке киргизүү боюнча келишимге кол коюлду. Эми тиешелүү техникалык адистиктеги студенттер УТРКдан практикалык сабактарды алып, келечектеги кесиби боюнча тажрыйба топтошот.