Нарында ирилештирүү боюнча реформа жигердүү ишке ашууда. Мына ошол жаңыланууга жайыт тилкелеринин тиешеси жок, дейт дубан жетекчиси. Башкача айтканда, аймактарды бириктиргенден кийин бир айылдын жери экинчисине өтүп кетпейт. Жайыт картасында белгиленген чек ошол бойдон өзгөрүүсүз калат.