Жаңылыктар
Ат-Башыга өзгөчө кырдаал режими киргизилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башыга өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Буга калың жааган кар себеп болду. 

Учурда Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү иштери жүрүп жатат. 

Эскерте кетсек, 2-майда күн сууктап, тоолуу райондорго кар жааган. Мындан улам Арпа өрөөнүндөгү кыштоодо беш үй-бүлө мал-жаны менен калган. Малчылар тамак-ашы жетиштүү экенин айтып, тоют жагынан жардам сурап кайрылышканы айтылды. 

Учурда жол ачык. Кар алдында эки уй, үч музоо, 15 кой тоңуп өлгөн. Жергиликтүү бийлик тургундар менен биргеликте 680 түк чөп жеткирди. Арпа өрөөнүндөгү Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу аракеттери уланып жатат.