Жаңылыктар
Эртең Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет. Иш-чарага президент катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең Баш мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгы белгиленет. Иш-чарага президент катышат

Эртең, 5-майда Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өтөт. Ага президент Садыр Жапаров катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады. 

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактын баракчаларында түз көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 10:00дө башталат. 

Белгилей кетсек, демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 30 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган.