Жаңылыктар
Кылмышка шектүүлөрдү электрондук билерик менен көзөмөлдөшөт
Спорт
Кылмышка шектүүлөрдү электрондук билерик менен көзөмөлдөшөт

Кыргызстанда шектүүлөрдү электрондук билерик аркылуу көзөмөлдөө пландалууда.

Жаңы системаны ишке ашыруу маселеси Министрлер кабинетинин жыйынында каралды. Юстиция министри Аяз Баетовдун айтымында, электрондук билериктер кылмышка шектүүлөрдүн жайгашкан жерин жана алардын кыймыл аракетин көзөмөлдөө үчүн колдонулат. 

Бул технология укук бузуулардын санын кыскартууга жана укук коргоо органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет. Ошондой эле үй-бүлөлүк жана аялдарга карата зомбулукту кыскартууга көмөгү тийет”, - дейт министр.

Акылбек Жапаров мыйзам талаптарын эске алуу менен бул системаны ишке киргизүү боюнча башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдеп, каржылык эсептөөлөрдү так жүргүзүүнү тапшырды.