Жаңылыктар
Бензиндин кымбатташына жол берилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Бензиндин кымбатташына жол берилбейт

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы күйүүчү жана майлоочу май рыногунун ири ишкер субъекттерине бир катар талаптарды койду.

Кызмат баалардын негизсиз жогорулашына жол берилбесин, "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын талаптары так сакталсын, жазгы талаа жумуштарын эске алуу менен күйүүчү-майлоочу майдын баасын кармап туруу боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлсүн, сомго, ошондой эле АКШ долларына карата рубльдын курсунун төмөндөшүн эске алуу менен бааларды эсептеп, күйүүчү майдын өздүк наркын эсептөөнү тонна эмес, литр менен жүргүзүү зарыл, рыноктогу кырдаал өзгөргөн учурда кызмат менен кайтарым байланыш түзүп, алдын алуучу чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылсын деген талаптарды койду.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы май айында бензиндин литри 1 сом 50 тыйындан 2 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экенин айткан. Ассоциацияга мыйзамдарды бузууга алып келе турган аракеттерди жасоого жол бербөө жөнүндө эскертүү берилди. Күйүүчү-майлоочу майга карата баанын жогорулоо маселеси Монополияга каршы органдын өзгөчө көңүл борборунда турат. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар аныкталган учурда чара көрүлөөрү эскертилди.