Тамчы - Чолпон-Ата - Корумду жолунун бир тарабы 1-июнда бүтөт.
Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, туристтик сезон башталганча төрт тилкелүү жолдун эки тилкесине, тагыраак айтканда, оң тарабына асфальт төшөө иштерин бүтүрүү тапшырмасы берилди.
Учурда Сары-Камыштан Тору-Айгыр айылына чейинкибөлүктө иштер жүрүп жатат. Жолдун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт.