Жаңылыктар
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Кыргызгидромет борбору шашылыш билдирүү таратты.

4-майдан 5-майга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ошондой эле унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусу, Барскоон-Ак-Шыйрак каттамындагы Сөөк ашуусундагы тилкелер кооптуу экени кабарланды.

Мындан улам унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экени эскертилди.