Жаңылыктар
Казакстандан ташылган тоок эттери, куш тумоосуна карата текшерүүдөн өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Казакстандан ташылган тоок эттери, куш тумоосуна карата текшерүүдөн өтөт

Өлкөгө Казакстандан ташылган тоок эттери куш тумоосуна карата текшерүүдөн өтөт. Бул тууралуу “Биринчи радиого” Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдирди. Текшерүүгө Казакстандын түндүгүндө куш ылаңынын белгилери аныкталганы себеп болгон. Азырынча казак бийлиги расмий маалымат тарата элек. Деги эле куш тумоосу канчалык кооптуу? Бул оору кандай жолдор менен адамга жугат?

Акыркы жолу коңшу Казакстанда куш тумоосу 2005-2006-жылдары катталган. Көп өтпөй Орусиянын жана Монголиянын бир катар аймактарында, Түштүк Кореяда да адамардын ылаңдан каза болуусу тынчсыздануу жараткан.

Күз менен келгин куштардын оорун которуусу бул ооруну кайрадан козгоду. Казакстандын түндүгүндө куш тумоосу катталгандыгын бир катар Массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Бирок казак бийлиги расмий билдирүү тарата элек. Өлкөнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы маалыматты тактап берүү өтүнүчү жолдоп, ветеринарлар Казакстандын Караганды облусунан ташылган тоок эттерин текшерүүнү баштады деп делгилеп өттү мекеменин адиси Улан Этикеев.

Улан Этикеев кошумчалагандай Казакстан менен чектешкен чек ара бекеттерде жана “Манас” эл аралык аэропортунда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Куш тумоосу мындан жүз жыл мурда алгачкы жолу Европада, Италияда катталган. Акыркы 10 жылдыкта Түштүк-Чыгыш Азияда келгин куштардын жана үй канаттууларынын арасында кескин көбөйүүсүнөн улам “Азия кут ылаңы” деген аталыш алган. Алгачкы жолу Таиланд, Вьетнам, Камбоджа жана Индонезия өлкөлөрүндө тумоо адамдарга жугуп, 2003-жылы 60 жакын адам көз жумган. Деги эле куш тумоосу канчалык кооптуу? Бул оору кандай жолдор менен адамга жугат?Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынын дарыгери Халида Азимбаева буларды айтат.

Бул дартты жуктуруп алган адамдын дене табы 39-40 градуска чейин көтөрүлүп, өпкөсү жабыркайт. Бейтапты алгач өзүнчө бөлмөгө болуп, дарылоо кажет. Куш тумоосу менен адам катуу ооруйт жана бейтаптын иммунитети алсыздайт деп кошумчалайт дарыгер.

Куш ылаңы катталган учуда эң башкы талап - өлкө боюнча канаттуулар фабрикаларына карантин киргизилет. Шектүү адамдар, фермерлер тыкан медициналык текшерүүдөн өткөрүүлүүсү абзел. Ветеринарлардын айтымында куш тумоосунун таралышына үч негизги шарт бар. Алардын биринчиси, өлкө аймагы аркылуу учуп өтчү жапайы канаттуулар болсо, экинчиси жапайы куштар менен түздөн-түз байланышчу үй канаттуулары, ал эми үчүнчүсү канаттуулар фабрикасы. Ошондой эле дарыгерлеркуш тумоосуна байланыштуу вирус ылдам өзгөрүп турарын айтып келишет. Учурда вирустун 15 түрү аныкталганса, Казакстанда катталган вирус Н5И1 экендиги айтылууда.

С. Идирисов Биринчи радио