Жаңылыктар
Оңол Каныбек уулу Азербайжан чемпионатын жана өлкө кубогун жеңди
Спорт
Оңол Каныбек уулу Азербайжан чемпионатын жана өлкө кубогун жеңди

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасынын капитаны Оңол Каныбек уулу 2022-2023-жылкы сезондо Азербайжан чемпионатын жана өлкө кубогун жеңип алды.

Отчеттук мезгилде кыргызстандык волейболчу “Муров” клубунда ойноп, сезондо команданын эң жемиштүү оюнчусу аталган.

Чемпионат жана Кубоктон тышкары Муров волейбол боюнча Европа конфедерациясынын Чакырык кубогунда ойноп, 1/8 финалга чейин жетип, ал жерде 6 беттеш өткөргөн (4 жеңиш жана 2 жеңилүү).

Буга чейин Оңол Каныбек уулу Кыргызстан менен Таиланддын чемпиону болуп, Таиланд менен Казакстандын кубогуна да ээ болгон.