Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы окуу-машыгуу жыйындарын июнь айында өткөрөт.
Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Команда улуттук кураманын жаңы башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин жетекчилиги астында чогулуп, Борбор Азия футбол ассоциациясынын Улуттар Кубогуна даярдыктарды баштайт.