Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловго парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзүү укугун расмий тапшырды.
Мыйзамга ылайык, коалицияны түзүүгө мандат алган фракция 15 иш күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүп, премьер-министр кызматына талапкерди сунушташы керек. Эгер фракция бул убакыттын ичинде жүктөлгөн милдетти аткара албаса, анда мандат башка фракцияга берилет.
24-октябрда СДПК Парламенттеги башкаруучу көпчүлүктүн курамынан чыккандан кийин эле коалиция тарап, бул коомчулукта кызуу талкуу жүрүп, кийинки коалицияга кайсыл фракциялардан куралары айтыла баштаган.
Анда КСДП, Кыргызстан жана Республика-Ата- Журт фракциялары көпчүлүктү курат деген пикирлер басымдуулук кылууда.
Парламенттеги «Туруктуулук, ишеним жана жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталган башкаруучу коалиция тарагандан кийин Президент 3 күндүн ичинде Жогорку Кеңештеги фракциялардын бирине жаңы коалиция куроо мандатын тапшырышы керек эле. Өлкө башчысы көпкө күттүрбөй эле бул мүмкүнчүлүктү кечээ Кыргызстан Социал-демократтар фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловго тапшырды.
Фракция лидери эми 2 жума ичинде жаңы коалиция курап, премьердин талапкерлигин сунушташы керек. Иса Өмүркулов бүгүндөн тарта коалицияга кирүүчү фракциялар менен сүйлөшүүлөрдү баштаарын “Биринчи радиого” билдирди. Анын айтымында, башкаруучу көпчүлүккө киргизүүдө эч бир тарапты мажбурлоо болбостугун, коалицияга кирүүчүлөрдүн Кыргызстандын келечеги үчүн позициясы окшош болушу керектигин билдирди.
Азыркы тапта тигил же бул фракциялар менен расмий сүйлөшүүлөр боло элек. Деген менен айрым бир фракциялардын коалицияга кирээри, укуктары жана талаптары айтылып жатат. Ал эми Ата Мекен жана Өнүгүү прогресс фракциялары менен альянска кирүү боюнча сүйлөшүү болоору күмөн.
Эгер позициялар дал келсе, "Республика — Ата-Журт" фракциясы көпчүлүк коалициясына кирүү боюнча сүйлөшүүлөргө даяр. Анын айтымында, партиянын шайлоочулар алдында берген убадаларды аткаруу үчүн мыйзам долбоорлор жана бир топ демилгелери бар. Эгерде көпчүлүк коалициясын түзүүчүлөр ошол демилгелерибизди колдоого алса, фракция коалицияга кирүүгө даяр экенин анын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте сүйлөп жатып билдирди.
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев эгерде ал жетектеген фракция оппозицияда калса да өз багытын өзгөртпөй турганын билдирген. "Бир бол" фракциясы болсо бул маселе боюнча азырынча үн ката элек.
Саясий серепчилер эмитеден эле кийинки коалиция үч фракциядан кураларын болжолдоп жатышат. Алар КСДП, Кыргызстан жана Республика-Ата Журт.
Эксперттер менен сурамжылоо көрсөткөндөй, алдыда түзүлө турган коалициянын мүчөсү катары Кыргызстан фракциясы менен 28 мандаты бар Республика-Ата-Журт айтылууда. Саясат талдоочу Игорь Шестаков Бабанов экономикалык тармактагы орундарды ээлөөгө умтулат деген пикирде:
"Республика-Ата-Журттун" позициясы мурдагы коалиция урай электе эле дайын болгон. Республикачылардын шайлоо алдындагы программалары, өзгөчө экономикалык реформалар жана экономикалык тармактагы кайра түзүүлөр боюнча кенен болгон. Ошондуктан менин оюмча "Республика-Ата-Журт" Өкмөттөгү экономикалык тармакты алууга умтулат. Бул мүмкүн болуучу варианттардын бири. Анткени Республикачылар ансыз шайлоо алдында берген убадаларын ишке ашыра алышпайт" - дейт И.Шестаков.
Эскерте кетсек, 24-октябрда КСДП фракциясы парламенттик коалициядан чыкканы белгилүү болгон. КСДПнын лидери коалицияда саясий пикир келишпестиктер болгондон улам фракция мындай чечимге келгенин түшүндүргөн.
Бозулан Ысаков. "Биринчи радио"