Жаңылыктар
ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Бишкекте
Спорт
ФИФАнын президенти Джанни Инфантино Бишкекте

ФИФА уюмунун президенти Джанни Инфантино Кыргызстанга келди.

Эл аралык футбол федерациясынын башчысы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат. Алар “FIFA Forward” долбооруна ылайык салынган Кыргыз футбол союзунун жаңы кеңсесин ачат.

Жапаров жана Инфантино Кыргыз футбол союзунун ФИФА тараптан колдоо маселелерин сүйлөшөт. Тагыраагы өлкөдөгү инфраструктура менен жергиликтүү футболду өнүктүрүү маселелери коюлат.