Жаңылыктар
Бокс: Нуржигит Дүйшөбаев дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады
Спорт
Бокс: Нуржигит Дүйшөбаев дүйнө чемпионатын жеңиш менен баштады

4-майда Өзбекстанда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында кезектеги беттештер өттү.

Ал күнү Кыргызстандан 4 спортчу рингге чыгып, анын экөөсү жеңишке жетишти.

Анваржан Хожиев 1/8 финалга чыкса, Нуржигит Дүйшөбаев 1/16 финалга жолдомо алды.

4-майдагы беттештердин жыйынтыгы

48 кг

1/16 финал

Даянч Аннасеидов (Түркмөнстан) - Анваржан Хожиев - 0:5

51 кг

1/32 финал

Нуржигит Дүйшөбаев - Синовуйо Мтинтелва (Түштүк Африка Республикасы) - 4:1

63,5 кг

1/16 финал

Габил Мамедов (Россия) - Жантөрө Ташиев - 5:0

92 КГдан жогору

1/16 финал

Паул Нигел (Тринидад и Тобаго) - Элчоро Ооматбек уулу – 3-раундда Нигел мөөнөтүнөн мурда жеңди