Жаңылыктар
Конституция - эркиндиктин кепилдиги
Кыргызстан жаңылыктары
Конституция - эркиндиктин кепилдиги

Демократиялык жана укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө негиз салган эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы мындан туура 30 жыл мурун, тагыраак айтканда, 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Бул күн ушул чакта дагы өлкөбүздүн тарыхы үчүн өзгөчө символикалык мааниге ээ. 

Эгемендүүлүк жылдарында Баш мыйзамга бир нече жолу өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, жаңы редакциялар кабыл алынган. Конституция - бул мамлекеттүүлүктүн негизи, көз карандысыздыктын символу. Ал жарандардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган документ. Конституциянын жаңы редакциясы 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынып, ага Президент кол койгон. Баш мыйзамдын жаңы долбоору жалпы элдик добуш берүүдө 79%дан ашык шайлоочу колдой тургандыгын билдирген болчу.