Жаңылыктар
Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакта болот
Кыргызстан жаңылыктары
Темирбек Эркинов 3-июлга чейин камакта болот

Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси Темирбек Эркинов УКМКнын тергөө абагына 3-июлга чейин камакка алынды.

Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматтарга караганда, ал коррупцияга айыпталып жатат. Буга чейин анын кармалганын УКМК билдирген эле.

Венгрия-кыргыз өнүктүрүү фонду 2021-жылы түзүлгөн. Ал Кыргызстанда өзүн-өзү актаган долбоорлорго займ берүү, капиталына катышуу жана өлкө аймагында катталып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субъектилерин каржылоо максатында ачылган.