Жаңылыктар
ИИМ кызматкерлери май айында күчөтүлгөн тартипте иштейт
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ кызматкерлери май айында күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматы май майрамдарына карата 1-майдан 10-майга чейин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздукту камсыз кылуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө.

Мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча уюштуруу иш-чаралары өткөрүлүп жатат. Ошондой эле өзгөчө маанидеги жана стратегиялык объектилер күчөтүлгөн тартипте коргоого алынган.

Мындан тышкары учурда коомдук жайларда, билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат коюлгандыгы жөнүндө жалган маалыматтар боюнча актуалдуу маселе турат. Мындай кылмыштарды алдын-алуу, бөгөт коюу үчүн Күзөт кызматынын кызматкерлери комплекстүү иш-чараларды өткөрүүдө", - деп айтылат маалыматта.