Жаңылыктар
10 миң сом үчүн үзүлгөн өмүр
Аймак
10 миң сом үчүн үзүлгөн өмүр

15-жаштагы Шерзат Алимбековдун өз өмүрүнө кол салуусуна анын айылдашы Кубанычбек Токтосунов себепкер. Мындай сөзүн маркумдун атасы билдирди. Бул окуя Сузак районунда 23-октябрь күнү болгон. 9-класстын окуучусу өлөөр алдына акыркы тартылган видеодо ал, “Бакыт акенин баласы мени кату сабады мен 10 миң сом уурдаган эмесмин” деген сөздөрүн айткан. 

Баланын өз өмүрүнө кол салышы боюнча териштирүү жана тергөө иштери башталды. 23-октябрь күнү Сымкат айылында уурулукка шектелген өспүрүм үйдүн короосунда муунуп калган. Өлүм алдында кат таштап кеткен маркумдун апасы Орусияда мигрант болуп жүргөн жана ал үйүнүнө кайтканы жатканда баласынын өлүмүн угуп кайтып келгенде катты окуганын айтат.

 Маркум Шерзат Алимбековдун атасы баласынын акча уурдаганына алгач ишенип милициядан тосмо арызын алыш үчүн 10 миң сомун жоготкон Токтосуновдордун үй бүлөсүнө төлөп берип, каза болгон Шерзатты милициядан бошотуп кеткен. Ал эми учурда сөз болуп жаткан жакындарына таштап кеткен кат маркум Шерзатын тирүү кезинде эле атасынын колуна түшкөн болчу. Ошол себептен баланы көзөмөлдөө үчүн атасы дайым жанында болгон. "Бирок окуя окүнүчтүү бүттү дейт атасы" - дейт атасы Талант Алимбеков.

 "Түнкү саат экиден танкы төрткө чейин маркум Шерзатты айылдан эки чакрым алыстыктагы талаага алып барып алып, 10 миң сомду алганынды моюнуна аласын, болбосо өлтүрөм деп коркуткан Кубаныч Токтосунов  болгон" - дейт маркум Шерзаттын атасы.

15 жаштагы Шерзат Алимбеков айылдаш баланын 10 миң сомун уурдоого шектеп милиция кармап, туугандары акчаны төлөгөн. Маркум жазып калтырган катта уурулук кылбаганын, акча жоготкон адам сабап, андан соң милициядагы сурактан улам мойнуна алганы белгиленген. Бирок бул аракетер жалган маалымат экенин экинчи тарап айтып чыкты.

 Шерзат Алимбековдун өлүмүн милиция иликтөөгө киришти.  Райондук ички иштер бөлүмү жакын арада окуянын чоо-жайын иликтеп чыгат. Ошондой эле баланы кармап, ата-энесин катыштырбай суракка алган милиционерлердин аракетинин мыйзамдуулугу да каралат.